Үстүбүздөгү жылда күйүүчү майды керектөө 35%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылда күйүүчү майды керектөө 35%га көбөйдү

Ушул жылдын он айында май куюучу станциялар 1 миллион 205,7 миң литр күйүүчү-майлоочу май сатышкан. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,83%га же 244,7 миң литрге көп. Мындай маалыматты Салык кызматы билдирди.

Салык органдарында сатылып жаткан мотор майынын көлөмүнүн көбөйүшү май куюучу жайларда автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү менен, ошондой эле нефтетрейдерлерге электрондук накладной берүүнү талап кылуу менен байланыштуу.

«Күйүүчү-майлоочу майларды сатуунун көлөмүнө май куюучу жайларда автоматташтырылган башкаруу тутумун жана электрондук накладнойду киргизүү оң таасирин тийгизди”,-деп билдирди Салык кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, 25-ноябрга карата республиканын бардык иштеп жаткан май куюучу жайларында автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>