Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

27-октябрь күнү саат 11:29 чамасында  Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жакындаган.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Бедел айылында – 4 баллга жакын, Ыштык айылында – 3 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version