Ысык-Көлдө жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көл обулусунун Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда болгон унаа кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, кырсык 2-июль күнү саат 20:30 чамасында  болгон.

“Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды “Тез жардам” кызматы райондук ооруканага жеткирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>