Ысык-Көлдөгү марафондо Олимп оюндарына лицензия утуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Ысык-Көлдөгү марафондо Олимп оюндарына лицензия утуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Жазында Ысык-Көл облусунда өтө турган марафондо Олимп оюндарына лицензия утуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда,  15-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар тийиштүү нормативдерди аткарса, Олимп оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул Эл аралык марафон дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжасында мүмкүн болгон.

Тактап айтканда, эл аралык марафон трассасы сертификацияланып, марафон World Athletics (Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясы) эрежелерине ылайык өткөрүлөт.                                              

Аталган марафон World Athletics мелдештердин календарына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>