Ысык-Көлдө альпинисттик лагердин күзөтчүсү 2 адамды атып өлтүрүп, бир адамды барымтага алып алды

Ысык-Көлдө альпинисттик лагердин күзөтчүсү 2 адамды атып өлтүрүп, бир адамды барымтага алып алды

Ысык-Көл облусундагы “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринин 29 жаштагы күзөтчүсү лагердин башчысынын орун басарын жана жумушчусун атып өлтүрдү. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиришинче окуя 4-июль күнү болгон.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, лагердин 48 жаштагы жетекчи орун басары көкүрөгүнө тийген октон улам каза болгонун, ал эми 31-жаштагы жумушчусу  ичине ок тийип, чек-арадагы заставага медициналык жардам көрсөтүү үчүн бартканда каза болгонун аныкташкан.

Окуя болгон учурда Түп районунун 33-жаштагы тургуну күзөтчү Сергей Смирновду кармоого аракет кылганда, кылмышкер анын колун бычак менен кесип жиберген.  Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошол жерде иштеген 48-жаштагы тургунду барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган факт Ак-Суу райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (киши өлтүрүү) беренеси менен катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Смирнов Сергейди кармоо жана барымтага лынган тургунду  бошотуу максатында атайын ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдѳ. Алдын ала маалыматтарга караганда кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккан.

 

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>