Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө комага түшүп калган кызды Бишкекке алып кетти

Ысык-Көлдө жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган кызды ата-энеси Бишкек шаарына алып кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 12-майда комага түшүп калган белгисиз кызды Бостери айылынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер бейтапка «Мээ комасы» деген диагноз коюшкан.

Кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкек шаарына алып кетишкен. Ата-энесинин айтымында, ал азыр Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат жана анын абалы канааттандырарлык.

“Ысык-Көл райондук милициясы, жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын өздүгүн аныктоого активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирет”, — деп кабаралант.

Exit mobile version