Ысык-Көлдө уу-коргошун ичкен адам каза болду

Ысык-Көлдө уу-коргошун ичкен адам каза болду

6-майда Чолпон-Ата аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн 60 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтап ооруканада эсине келбей каза болгон. Маркумдун жакындары милицияга ал ооруп, уу-коргошун ичкенин айтып беришкен.

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга эек, корутунду чыккандан кийин юридикалык баа берилери кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>