Жайыл райондук ооруканасынын дарыгери өз жанын кыйды

Жайыл райондук ооруканасынын дарыгери өз жанын кыйды

Чүй облусунун Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери өз жанын кыйды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда дарыгер өз үйүндө колунун күрөө тамырын кесип салган. Андан соң ал өзү иштеген ооруканага жеткирилген. Көп кан жоготкондуктан оорукананын дарыгерлери анын өмүрүн сактай албай калышкан.

Учурда милиция дарыгердин өлүмүнүн себептери боюнча иликтөө иштерин баштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>