Жактоочу: Атамбаев бронхит болуп ооруп калды, сот отурумуна катышпайт

Жактоочу: Атамбаев бронхит болуп ооруп калды, сот отурумуна катышпайт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруп калды. Бул тууралуу “Репортерго” жактоочусу Замир Жоошев билдирди. 

Анын сөзүнө дарыгерлер ага бронхит деп диагноз койгон. 

“Бир нече күн мурун мен кирип жолукканда ооруп жаткан. Бүгүн Сергей Слесарев да кирген экен оорусу күчөп жатыптыр. Эртең Кой-Таш окуясы боюнча отурум болмок, бирок ага Алмазбек Атамбаев катыша албайт, ооруп жаткандыгына байланыштуу. Дарыгерлердин тийиштүү маалымкаты да бар”, — деди Жоошев. 

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал Кой-Таш окуялары боюнча соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>