Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: 3 киши “Хизбут-Тахрир” уюмунан чыкты (Видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мурда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунунда жүргөн 3 киши андан чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кабарлады.

Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришкен.

Жыл башынан бери бул өрөөндө 16 киши “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунунун туура эмес экенин билип, андан баш тарышкан.

Ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 485 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Exit mobile version