Жалал-Абад: Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү камакка алынды

Жалал-Абад: Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү камакка алынды

Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү 51 жаштагы Х.М.  Жалал-Абаддан кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад милициясы билдирди.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, ал “Махалла жура” (Кошуна жоро) ватсап месенжеринен тайпа түзүп, аймактарына ишмердүүлүгүн жайылтып турган. Тинтүү маалында үйүнөн китептер, баракчалар, телефондор табылган. Ал материалдарды текшерүүдөн кийин Хизбут-Тахрир уюмунун ишмердүүлүгүн даңазалап, диний аралык кастыкты козутууга аракеттери такталган.

Шектүү Х.М.нын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>