Жалал-Абад облусттук ооруканага ууруга киргендер колго түштү — сүрөт

Жалал-Абад облусттук ооруканага ууруга киргендер колго түштү — сүрөт

Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргенге шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган. Арызда 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 унаанын документтерин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген.

Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин жана Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну кармалган.

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>