Жалал-Абад облусунда 2 мобилдик лаборатория иштеп жатат

Жалал-Абад облусунда 2 мобилдик лаборатория иштеп жатат

Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөл алдында турат. Өзгөчө кырдаалдын алкагында дарыгерлер тарабынан 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштер, дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта брифинг учурунда маалым болду.

Жалал-Абад облусунда  2 мобилдик лаборатория  иштеп жатат.

«Жалал-Абад облустук ооруканасында 3 жаран коронавирус менен карантинде даарыланып жатса, дагы 3 жаран дене табы жогору болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Алардын коронавируска алынган анализдери терс болуп чыкты. Жалал-Абадка коронавирус жуктурууга шектелген учурду аныктоого жергиликтүү тургундарды тиешелүү анализдерден өткөрүү үчүн эки мобилдүү лаборатория жиберилди. Ар бир ооруканаларда жана «Манас» аэропортунда 24 саат бою нөөмөттөгү врачтар иштеп жатат», — деп билдирди салматтыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>