Жалал-Абадда 26 жаштагы жигитти мыкаачылык менен сабагандар кармалды

Жалал-Абадда 26 жаштагы жигитти мыкаачылык менен сабагандар кармалды

Жалал-Абаддагы «Дина» түнкү клубунун жанында 26 жаштагы жигитти эсинен тангыча сабоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу  Жалал-Абад ШИИБден кабарлашты.

Белгилей кетсек, окуя 9-сентябрда саат 23:30 чамасында болгон. Ур токмоктон катуу жаракат алган Б.М. аттуу жигит облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

10-сентябрь күнү окуяга шектүү катары 22 жаштагы Сузак районунун эки тургуну  кармалып, “Ден соолукка оор зыян келтирүү”  беренеси менен 2 айга камакка алынган.

12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делинип Сузак районунун дагы 22 жаштагы эки тургуну кармалып, 2 айга камакка алынган.  

Жалал-Абад шаардык милициясы буга чейин кээ бир басылмалар жазган “шектүүлөрдүн арасында Сузак районундагы айыл өкмөт башчынын уулу бар” деген маалыматты четке какты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>