Жалал-Абадда 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат

Жалал-Абадда 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат

Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал курчуп жатканына байланыштуу бүгүн, 27-апрелде шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынган.

Ага ылайык, 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат. Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми жеке менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат.

“Коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>