Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда ишканалар менен турак үйлөрдү суу каптады

Жалал-Абадда ишканаларды жана жеке турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Жалал-Абад шаарынын аймагындагы Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен жана айрым лотоктордон суулар ашып кеткен.

Жыйынтыгында шаар аймагынын жайгашкан бир катар ишканалар менен жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөөлөрүн суу каптаган.

Учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана техникалары тарабынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатканы айтылат.

Exit mobile version