Жалал-Абадда күйөөсү менен жаңжалдашкан келин 1 жаштагы кызын сабап салган

Жалал-Абадда күйөөсү менен жаңжалдашкан келин 1 жаштагы кызын сабап салган

Жалал-Абад шаардык милициясы 1 жаштагы кызын муунткан 29 жаштагы келин боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 9-июнунда болгон.

Анда Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну ажырашып кеткен күйөөсү менен телефон аркылуу урушуп жатып, бир жаштагы кызы ыйлаганда, ачууланып аны муунтуп, уруп-соккон. Келин кызын сабаган учурун видеого тарып алып, WhatsApp аркылуу жаңжалдашып жаткан күйөөсүнө жиберген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине  «Кыйноо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштн алкагында териштирүү жана тергөө иштери жүрүп жатат.

https://youtu.be/rPi-7md0UYY

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>