Жалал-Абадда куралдарды жана ок дарыларды сатууну көздөгөндөр аныкталды

Жалал-Абадда куралдарды жана ок дарыларды сатууну көздөгөндөр аныкталды

Аксы районунда курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүрткөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууну көздөп жаткан жарандар жөнүндө ыкчам маалымат алышкан.  Белгисиз адам ок атуучу куралдарды сатуу жолун түптөп алууну көздөп, сатып алуучуларды издеп жаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 253-берененин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

7-апрелде Кербен шаарында саат 09:30 куралдарды сатууга шектелген Аксы районунун жашоочусу Д.Р. башкарып келе жаткан “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Кароо жүргүзүү учурунда автоунаадан 7.62 мм калибрдүү СКС үлгүсүндөгү карабин (ок атуучу курал) табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында дагы бир шектүү Аксы районунун 70 жаштагы тургуну Д.Э.нин  жашаган жерине түнтүү иш-чаралары  жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында жалпысынан 7 ок атуучу курал менен анын тетиктери, 160 ашык ар кандай калибрдеги октор, 140 ашык гильза жана күкүрт алынган.  Ал эми уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон.

Ошондой эле үйдөн Кызыл китепке кирип, атууга уруксат берилбеген эки сүлөөсүндүн териси табылган. Мындан сырткары, болжол менен  баңгизаттарга окшош зат дагы табылып алынып, экспертизалар дайындалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>