Жалал-Абадда менчик мектептерге текшерүү жүрдү

Жалал-Абадда менчик мектептерге текшерүү жүрдү

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик мектептерге атайын комиссия тарабынан мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн санитардык талаптардын сакталышы жана балдардын саны көзөмөлгө алынууда. Алгоритмге ылайык окуучулар аралыкты сактап, беткап, антисептикалык каражаттар менен камсыздалышы түшүндүрүлүүдө.

Жалал-Абад шаарында 9 жеке менчик мектеп бар.

Белгилей кетсек, 1-майдан тартып мамлекеттик мектептерде 9-11-класстан башка окуучулар аралыктан окууга өтөт. Ал эми жеке менчик мектептерге байланыштуу чечим жүргүзүлгөн мониторингден кийин кабыл алынат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>