Жалал-Абадда сел 50 койду агызып кетти

Жалал-Абадда сел 50 койду агызып кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында 13—июлдан, 14- июлга караган түнү сел жүргөн.

Селдин кесепетинен 5  турак үй зыян тартып, айылдагы ички чарбалык унаа жолдор жарактан чыккан.

Мындан сырткары 50 баш койду агызып кеткен.

Сел түшкөн айылга ӨКМнын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылып, 3-күн катары менен тазалоо иш аракеттерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>