Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Базар-Коргон районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында жер титирөө катталды.

Жер титирөө бүгүн, 22-апрелде таңкы саат 04:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>