Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө — сүрөт

Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө — сүрөт

Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк жана башка зордук-зомбулуктардын алдын алуу жумуштары милиция тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында Ноокен РИИБи жана райондук администрация тарабынан “Зордук-зомбулуксуз жашоо” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Ага Ноокен РИИБинин жетекчиси Алтынбек Мусаев, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер жана педагогдор катышышты. Жыйындын жүрүшүндө зордук-зомбулук фактыларынын келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу жолдору талкууланды.

Ал эми Токтогул РИИБдин кызматкерлери район аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Жергиликтүү тургундар менен да жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо зарылдыгы айтылууда.

“Бул сыяктуу жумуштар Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы мектепте да уюштурулган. Милиция кызматкерлери жана шаардын имамы суициддин, диний экстремизмдин, топтошуп мушташуулардын, мектеп рекетчилигинин алдын алуу багытында профилактикалык иштерди алып барышты. Милиция кызматкерлери окуучуларды кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты”, — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>