Жалал-Абадга баруучу учак Ошко конду. Жаңжал чыкты (ВИДЕО)

Жалал-Абадга баруучу учак Ошко конду. Жаңжал чыкты (ВИДЕО)

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулду. Бул тууралуу Бишкектен Жалал-Абад облусуна уча турган жүргүнчү  «Акипресске» билдирген.

Анын айтымында, аба каттамы токтотулганына байланыштуу «Манас» аэропортунда чыр чыкты.

«Андан соң биз Ош шаарына учуп бардык. Ал жакта жүргүнчүлөр Жалал-Абадга жеткирүүнү талап кылышты. Жүргүнчүлөрдөн нааразычылык жок деп анкета толтурууну талап кылышты. Мындан улам жаңжал чыкты», — деди ал жана видео жөнөттү.

«Манас» аэропортунун маалыматына караганда, «Tez Jet» авиакомпаниясынын Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулган.


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>