Жалил Атамбаев абактан 50 млн сом менен кутулду

Жалил Атамбаев абактан 50 млн сом менен кутулду

Ишкер Жалил Атамбаев Улуттук коопсуздук кызматынын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөдө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.

Ал эми 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

“Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди», — деп кабарланат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жалил Атамбаев дикелтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>