Жамгырчиева: Жашоосунда эч нерсеге жетишпей, шайлоодо кыйратам деген тааныштарыма таң калдым

Жамгырчиева: Жашоосунда эч нерсеге жетишпей, шайлоодо кыйратам деген тааныштарыма таң калдым

Белгилүү теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева парламенттик шайлоодо талапкер болуп жаткандардын айрымдарынын сөзү менен иши дал келбейт деген пикирин билдирди.

Ал инстаграм баракчасы аркылуу убаданы кат-кат кылып берип жаткандарга кайрылып, кычырап кийинип сүрөткө түшкөн менен мамлекеттин жүгүн тартууну айырмасы бар деген пикирин жазган. 

“Азыркы шайлоодо амбициясы аттын башындай замандаштарым көп экен!
Куру кыйкырык, куру амбиция. Жашоосунда жарытарлык эч нерсеге жетишпей туруп, мамлекетти кыйратам, жарытам жана ойротом деген тааныштарды көрүп тан калдым!

Бирок, кычыратып классика кийинип сүрөткө түшүп койгон башка, мамлекеттин жүгү, элдин үнү болуу- бул өтө жоопкерчиликтүү иш”, — деп жазган Жамгырчиева.

https://www.instagram.com/p/CEzVO4UjOak/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>