Жанар Акаев: Өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жок экенин далилдесин

Жанар Акаев: Өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жок экенин далилдесин

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Жанар Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселеси тууралуу парламенттин ортоңку трибунасына чыгып кайрылуу жасады.

Эл өкүлү мындан мурда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалганын айтып, буларга токтолду:

«Бул ишке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышы жок экенин далилдесин. Анткени корона кризис башталгандан бери Кыргыз Өкмөтү, бийлик баарыбыз карайлап, каржы таппай эл аралык каржы булактарынан карызга акча сурап, эптеп бюджеттин жабуу аракетин көрүүдөбүз. Азыр эки үй-бүлө бир нанды бөлүшүп, жеп отурган учур», — деди Акаев.

Белгилей кетсек, Наталья Черногубова ушул жылдын 12-майында Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кармалган.

“7-апрелде сотко чейинки териштирүү быйыл башталып,  12-май күнү Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Ал уюлдук байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш комитеттин жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып, байланыш операторунун кайра каттоодо мыйзам бузууларга жол берген”, – деген айып коюлган.

Черногубова учурда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында. Ал 11-май күнү кызматтан кеткен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>