Жанар Акаев: Бардык мыйзамсыз иштерде Атамбаевке каршы тургандай мамиле кылалы

Жанар Акаев: Бардык мыйзамсыз иштерде Атамбаевке каршы тургандай мамиле кылалы

Бардык мыйзамсыз иштерге Атамбаевке каршы күрөшкөндөй мамиле кылсак, азыркыдай көйгөй болмок эмес. Мындай пикирди депутат Жанар Акаев парламент жыйынында айтып чыкты.

 “Мен Атамбаев күчүндө болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, мен үчүн жигиттикке жатпайт.

Менин айтайын дегеним башка. Кыргызстанда болуп жаткан баардык мыйзамсыз иштерде парлемент ушундай болуп чечүүчү учурда бир муштумдай биригип адилетсиздикке каршы күрөшсөк ушуга окшогон окулар болбойт эле. Азыркы Атамбаевке жасап жактандай  чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге коюшубуз керек. Ошондо биз милдетибизди аткарган болобуз.

Биз мындан ары президентти колдойбуз, жардам беребиз десек , жаңы Икрамдарды, Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек. Эгер ошондой болсо, парламент чогулуп, элдин талабын ишке ашырууга болот эле», — деди Аакев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>