Жанар Акаев Бороновго: Шайлоодо өзүбүздүкү жана өгөйлөр деп бөлбөгүлө, барына калыс карагыла — видео

Жанар Акаев Бороновго: Шайлоодо өзүбүздүкү жана өгөйлөр деп бөлбөгүлө, барына калыс карагыла — видео

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатат.

Депутат Жанар Акаев Кубатбек Бороновго кайрылып, жаңы келген өкмөт күздө болот турчу парламенттик шайлоону өткөрөрүн айтып, анда административдик ресурс колдонулбашы керектигин билдирди.

«Учурда эки өкмөт башчы камакта, бир премьер-министрдин иши арсар болуп турат. Шайлоодо админстративдик ресурсту, криминалды колдонуу, ишкерлерди коркутуу болбошу керек. Анткени элдин тагдырын чече турган шайлоону сиздер өткөрөсүздөр. Калыс туруп берүүңүздөр керек. Барына  бирдей мамиле кылыңыздар.  Ошондо гана элге сиңе аласыздар», — деди Акаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>