Жанар Акаев чек арадагы үй-бүлөгө автоунаа белек кылды

Жанар Акаев чек арадагы үй-бүлөгө автоунаа белек кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткенде чек арадагы айылдардын биринде жашаган үй-бүлөгө «Жигули» автоунаасын алып берди. Бул тууралуу эл өкүлү өзү “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Ал автоунааны үй-бүлөгө өз колу менен тапшырган.

Анын айтуусуна караганда «Жигули» 2009-жылы чыккан, автоунаанын баасы 100 миң сомду түзгөн.

 

Чек арада жашаган үй-бүлө баарыңарга рахмат айтты достор, машинесин минип кетти!

2009-жылы чыккан жигули экен, 100 миң сомго алдык. (инжектор)

Акебиз өзү ооруканада болуп (чек ара чырында ок жеген мурда), жубайы уулу менен алып кетти. Чекчейген жаңы унаа алып бералбасак да, фейсбуктагы достордун чакан белеги бул бүлө үчүн чоң жардам болот деп ишенем!

Сиздерге Рахмат, дээрлик эки саатта эле 70 миң сом котордуңар. Курсанбек Каныбеков, Кубанычбек Алибеков, Айбек Жолдошев, Mirbek Abdraximov, Жаныбек Нариев, Эмиль Туленбаев, Улан Асаналиев (Ulan Asanaliev) ж.б. досторду белгилей албасам кечирим сурайм. Мен да өз салымымды коштум.

Көп түкүрсө көл болот!

Опубликовано Janar Akaev Вторник, 19 января 2021 г.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>