Site icon Reporter.kg

Жаңы минкабда эки министрлик алынып, бирөө кошулду

Кыргызстанда министрлердин жаңы кабинети пайда болот, бардык зарыл болгон процедуралардан Жогорку Кеңештин макулдугун алуу гана калды, тиешелүү комитет минкабдын жаңы курамын жактырган.

Бул арада өкмөттүн түзүмү дагы бир жолу өзгөрдү. Экономика жана каржы министрлиги кайрадан эки бөлүмгө бөлүнөт. Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги да өзүнчө иштешет.

Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлиги бөлүмдөрдүн тизмесинен толугу менен чыгарылган. Анын жетекчиси Дастан Догоев жаңы өкмөттүн курамына кирген эмес.

Инвестициялар министрлиги дагы жок. Эске сала кетсек, аны Алмамбет Шыкмаматов башкарган, ал өз ыктыяры менен шайлоого баруу үчүн кызматтан  кеткен.

Ошол эле учурда Кыргызстанда Динара Кутманова жетектеген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пайда болот. Ал министрлер кабинетиндеги жалгыз аял.

Exit mobile version