Жапаров эки күндүк иш сапар менен Душанбеге барат

Жапаров эки күндүк иш сапар менен Душанбеге барат

Тажикстанда өтө турган эки ири ишчарага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-17-сентябрда Душанбеде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Өлкө башчылары Ооганстандагы кырдаал боюнча талкуулашат. Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.

ЖККУнун сессиясына Армениянын премьер-министри, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусиянын президенттери жана ЖККУнун Башкы катчысы катышат.

Мындан тышкары, 17-сентябрда өтө турган ШКУ жыйыны уюмдун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналат. Иш-чарага Индиянын премьер-министри (онлайн), Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Беларусиянын, Түркмөнстандын, Россиянын, Ирандын президенттери, Кытайдын лидери жана Монголиянын президентти (онлайн) Пакистан премьер-министри катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>