Жапаров: Маданият мамлекеттин, улуттун идеологиясы

Жапаров: Маданият мамлекеттин, улуттун идеологиясы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Кадырлуу көркөм өнөр чеберлери, жалпы эле маданият өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакубат коомду кура албастыгыбызды буга чейин да айткан элем, дагы баса белгилеп айта кетейин. Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын „Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар“ деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз кажет.

Маданият жана искусство чеберлеринин ата-бабаларыбыздан калган таберикти — элдик оозеки чыгармачылык, узчулук, кол өнөрчүлүк, көркөм адабий дөөлөттөрдүн учугун улап, кеңири жайылтуудагы салымы абдан зор.

Бүгүнкү күндө дагы көркөм өнөр жана маданият тармагы ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат. Маданият чөйрөсүндө ак кызмат кылгандар жаш муундардын Мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, аларды атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоо менен элдин маданиятын көтөрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келишет. Ошондуктан маданият жана көркөм өнөр ишмерлери кайсы гана коомдо болбосун, улут сыймыгы болуп келишкен.

Биз көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоодогу, элибиздин маданий казынасын байытуудагы эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Көркөм өнөрдүн бардык багыттарында — театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Мамлекет тарабынан маданиятыбызды, ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс өнөрүбүздү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат. Маданиятты жана искусствону колдоону, аны көздүн карегиндей сактоону жана келечек үчүн даңазалоону көңүл борборуна коюп, колго алабыз.

Мен тээ байыртан бери миң-миң сап „Манасын“ ооздон түшүрбөгөн, эч бир калкта жок төкмөлүк өнөрдү аздектеп келген, өткөн доордо кино жаатында „Кыргыз кереметин“ жараткан, „Ла-Скала“ сыяктуу дүйнөгө атагы чыккан театрда Болот Миңжылкыевдин коңур үнүн жаңырткан кыргыз элинде дагы-дагы маданий шедеврлер жаралат деп ишенимдүү айта алам. Өлкөбүздө болуп жаткан бурулуш окуялардын жакшы жышааны менен мамлекетибизге олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, жакынкы жылдарда бийлик тарабынан искусствону жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөт. Элдин нукура руханий байлыгы болгон маданиятты, асыл наркты мындан ары да муундан-муунга улантып кетүүгө жалпыбыз күч үрөйлү.

Элибиз туу туткан урматтуу маданият өкүлдөрү!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачыл дем-шык каалайм. Элибиздин маданиятын көтөрүүгө багытталган ишиңерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!»

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>