Жапаров менен Путин уу-коргошун тууралуу сүйлөштүбү? Расмий жооп

Жапаров менен Путин уу-коргошун тууралуу сүйлөштүбү? Расмий жооп

Президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарында уу-коргошун тууралуу сүйлөшкөн эмес. Бул тууралуу “Репортёрго” өлкө башчынын маалымат кызматынын башчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде Садыр Жапаров менен Владимир Путин уу-коргошун менен дарылоо тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.

Алымкадыр Бейшеналиев апрель айынын ортосунда уу-коргошун менен коронавирустан жабыркагандарды дарылап баштаганын, аны президент Садыр Жапаров экөө кайнатып жатканын билдирген.

“Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо президентке үйрөтүп кетиптир. Канча дозада бериш керек, кандай жасоо керектигин мага президент үйрөттү. 15 күндөн бери президент өзү бизге ыкмасын үйрөтүп жатат”, — деген эле министр.

Ал ошондой эле бул каражат элдик медицинада кенен колдонулуп келгенин айтып, 300дөн ашуун адам коронавирустан айыкканын кошумчалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>