Жапаров: Укук коргоочу айрым жетекчилер өздөрүн кудай сезишет.

Жапаров: Укук коргоочу айрым жетекчилер өздөрүн кудай сезишет.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугун кароо учурунда төмөндөгүдөй белгиледи:

«Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Эгемендүүлүктүн дээрлик 30 жыл ичинде биздин өлкө кыйын учурларды башынан өткөрдү.

Бул мезгилде биз мамлекетибиз үчүн айрым маанилүү жетишкендиктерге жана жеңиштерге жетиштик.

Ошол эле учурда биздин жарандар коомубуздун, биздин экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан бир катар зарыл жана оор көйгөйлөргө туш болду.

Булар:

— айрым жетекчилердин жана үй-бүлөлүк кландардын бийликти тартып алышы, узурпациялоосу;

— бийликтин бардык бутактарын зыянга алып келген тоталдык коррупция, анын ичинде саясий коррупция;

— калк арасындагы жумушсуздуктун өсүп жаткан деңгээли;

— массалык мүнөзгө ээ болгон, жаш кадрлардын башка өлкөлөргө жумуш издеп кетүүсү;

— калктын аялуу катмарынын социалдык жактан корголбогону жана калкты колдоо үчүн натыйжалуу социалдык багытталган программалардын жоктугу;

— коомдун, өзгөчө жаштар арасындагы криминалдашуу;

— биздин айрым жарандардын жакырдануусу жана киреше деңгээлинин кыскаруусу;

— мамлекеттик органдардын кысым көрсөтүүсү жана бизнести өнүктүрүү жолунда бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу;

— ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун мамлекеттик кепилдиктеринин жоктугу.

Бул көйгөйлөрдүн топтому жана жарандардын утуру күч алып жаткан нааразычылыктары үч революцияга алып келди.

Үч революцияга алып келген терс шарттар, өлкөнүн айрым жетекчилери тарабынан жол берилген каталар биздин бардыгыбыз үчүн жана биринчи кезекте бийликтин ыйгарым укуктары берилген адамдар үчүн чоң сабак болууга тийиш.

Жакынкы кыска мөөнөттөрдө абалды түп тамырынан өзгөртүп, мамлекет алдына коюлган маселелерди ишке ашыруу жана өлкөдө болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз.

Ал үчүн саясий эрк, зарыл болгон потенциал, күч жана каражаттар бар экендигин мен жоопкерчилик менен билдирем.

Биздин мамлекетибизди өнүктүрүү жолунда бизди эч ким жана эч нерсе токтото албайт.

Бул жөн гана сөздөр эмес, алар азыртадан эле конкреттүү кадамдар жана реалдуу иштер менен бекемделип жатат.

Мен тараптан кызмат ордуна келген учурдан тартып биринчи кезектеги жарлыктар чыгарылды:

— «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө», ал кесипкөй адамдарды жана прогрессивдүү жаштарды тартуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жарандардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө, карьералык өсүшү үчүн шарттарды камсыз кылууга жана кадр маселелеринде коррупциялык көрүнүштөрдүн тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет;

— «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө», анда менчикти, ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүү, мамлекеттин экономикалык ишмердикке негизсиз кийлигишүүсүн жоюу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар каралган;

— «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө», ал миграциялык процесстерди турукташтырууга багытталган;

— «Тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө», ал мыйзамдардагы орун алган көйгөйлөрдү жоюуга, жер казынасын мамлекеттик жөнгө салууга жана аны коргоону камсыз кылууга, ошондой эле тоо-кен тармагына инвестицияларды тартууга багытталган.

Ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү, финансы рыногун, өлкөнүн агроөнөр жай   комплексин андан ары өнүктүрүү, мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү, санарип технологияларды колдонууга киргизүүнү активдештирүү жана инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү боюнча чаралар жөнүндө жарлыктар чыккан.

Мен жогоруда атап өткөн бардык жарлыктар биринчи кезекте мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга, биздин жарандарды жана бизнести колдоого жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Биз биригүү менен гана өнүккөн, өркүндөгөн жана демократиялык мамлекетти куруу жолунда бардык кыйынчылыктарды жеңе аларыбызга мен ишенем.

Өткөн жылы бүтүндөй дүйнө коронавирустук инфекциянын пандемиясына туш болду.

2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары терс экономикалык өсүштү көрсөттү.

2020-жылы ички дүң продукттун өсүшү 8,6%га төмөндөгөн.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциясынын өсүшү акыркы 14 жыл ичиндеги өтө төмөн белгиде турган, ал эми ички дүң продукциясынын өсүшүнүн 8%дан ашык төмөндөшү 1994-жылдан бери биринчи жолу болууда.

Ишкердик активдүүлүгүнүн төмөндөшү жана көрсөткүчтөрдүн түшүүсү өлкөнүн экономикасынын көпчүлүк секторлорунда байкалат, ал эми айрым тармактарда ал 40%дан ашык деңгээлге жетет.

Республикалык бюджеттин кирешелеринин чогуу алгандагы жалпы көлөмү 2020-жыл үчүн дээрлик 14 млрд сомго азайган.

2019-жылга салыштырмалуу 2020-жыл үчүн тышкы соода жүгүртүү 19%га төмөндөгөн.

2020-жылы республикага түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы дээрлик 50%га кыскарган, ошол эле учурда агылып чыгуу 1,4 эсеге көбөйгөн жана агылып келүүнүн деңгээлинен 401 миллион АКШ долларына ашык болгон.

2020-жыл жана практика жүзүндө 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы биздин экономика үчүн чындыгында эле өтө татаал болду.

Биз абалды оңдоо боюнча чараларды көрүүдөбүз жана экономиканын айрым секторлорунда биз анча чоң болбосо дагы, ийгиликтерге жетишип жатабыз.

Атап айтканда, ички дүң продукциянын реалдуу өсүшүнүн арымы 10 айдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 1,6%ды түздү.

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча инвестиция бөлүгүндө ушуга окшош эле кырдаал байкалууда.

Түз инвестициялардын агылып келүүсү 321 миллион долларды түзүп, дээрлик 2 эсе көбөйгөн, ал эми инвестициялардын агылып кетүүсү 9,2%га кыскарган.

2021-жылдын январь–сентябрь айлары үчүн тышкы соода жүгүртүү дээрлик 20%га көбөйгөн жана 5 миллиард доллардан ашыкты түзгөн.

2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 3 миллиард сомдогу профицит менен аткарылган.

Биз бул жетишкендиктер менен токтолуп калбайбыз жана экономикада көрсөткүчтөрдү андан да жакшыртуу үчүн бардыгын жасайбыз.

Бирок бардык көйгөйлөр дале болсо чечилген жок.

Тамак-аш продуктуларына баалардын өсүшү байкалууда, айрыкча эт, жумуртка, күн карама майы жана жашылчалар менен жемиштердин айрым түрлөрү кымбаттаган жана алардын баасынын өсүшү уланууда.

Күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшү уланууда, анткени бул жагынан биздин өлкө импортко көз каранды болуп саналат.

Мен келтирген статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, экономика азыркы учурда эң кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатат.

Азыркы учурда бизнес өзүнүн өнүгүүсүндө көйгөйлөргө туш болду, ал мамлекет тарабынан толук колдоосуз, аны өз алдынча жеңе албайт.

Ишкердикти өнүктүрүү маселелери — бул биздин экономиканын негизи жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүүнүн башкы шарты.

Биз ишкерлерге жана инвесторлорго карата өзүбүздүн ой-жүгүртүүбүздү түп тамырынан бери өзгөртүүгө тийишпиз.

Анткени, алардын ийгилиги экономикага оң таасир тийгизет, бул болсо бизге социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселелеринде, экологияда, адамзат капиталын жакшыртууда жана башка багытта алдыга коюлган башка маселелерди толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Тилекке каршы, мамлекеттин учурдагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрү өнүгүү маселелери менен иш жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Мамлекеттик органдардын жетекчилери өтө критикалык көйгөйлөргө жооп кайтарууга гана үлгүрүп жатышат.

Биз кырдаалды, өзгөчө экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бардык тармактарда стратегиялык пландоого натыйжалуу мамилелерди негиз кылып алып, мамлекеттик процесстерди башкарууда мамилени түп тамырынан бери өзгөртүп, мүмкүн болгон бардык  тобокелдиктерди жана коркунучтарды алдын алууга жана минималдаштырууга аракет кылуубуз керек.

Инвестицияларды тартуу, экономиканын өсүшү биздин өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн негизги фактор болуп саналат.

Бирок, азыркы учурда экономикалык өсүштүн темпи жана тартылган инвестициялардын көлөмү абалды түп тамырынан бери жакшыртуу үчүн дээрлик жетишсиз.

Өлкөдө ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу көптөгөн себептер бар жана биз ал тууралуу дайыма ачык айтып турабыз.

Бизнеске мурдагыдай эле контролдоочу жана укук коргоо органдары күчтүү кысым көрсөтүүдө, алар бюрократиялык жол-жоболорго, фиктивдүү жана ойлоп табылган текшерүүлөргө жана кылмыш иштерине жамынып алышып, бизнесмендерден акча, пара жана бизнестеги үлүштү талап кылышат.

Көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузуу системалуу мүнөздү алып жүрөт.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, өткөн беш жарым жылда ишкердиктин субъекттерине жана инвесторлорго карата укук коргоо органдары жана мамлекеттик кызматчылар тарабынан мыйзамсыз аракеттер фактысы боюнча 247 иш козголгон жана кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Бул цифра анча деле чоң эместей көрүнөт. Бирок, кылмыштардын бул категориясы ачык көрүнүп тургандай жабык мүнөздү алып жүрөт.

Көпчүлүк учурларда укук коргоо органдарынын өздөрү тарабынан ишкерлердин укуктарын бузууга тиешелүү иш болсо, алар укук коргоо органдарына кайрылуудан коркушат.

Ушуга байланыштуу аларга карата мыйзамсыз жасалган аракеттер жөнүндө ишкерлер унчукпай отурууга мажбур болушат.

Мен белгилеп өткөн, катталган 247 иштин болгону 15%ы, башкача айтканда болгону ар бир алтынчы иши сот органдарына карап чыгуу үчүн жөнөтүлгөн.

Калган жазык иштери токтотулган же азыркы учурга чейин аягына чейин чыгарылган эмес.

Бул болсо, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери жана жетекчилери бизнести «талкалап жаткан» өздөрүнүн кызматкерлерин жашырып-жаап жатканын күбөлөндүрүп турат.

Укук коргоо системасынын айрым кызматкерлери жана жетекчилери өздөрүн кудай сезишет.

Мен андай эмес деп айтат элем! Мыйзам алдында бардыгы бирдей жана бардыгы мыйзам бузгандыгы үчүн бирдей деңгээлдеги жоопкерчилик тартышат.

Өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик иштен жогору коюу менен мындай кызматкерлер өздөрүн мамлекетке жана өз элине каршы коюшат.

Биз ага жол бербейбиз!

Аны менен укук коргоо органдары тарабынан бизнестин артынан түшүүнүн жыйынтыгы, эреже катары, иштин процессуалдык жыйынтыгына көз карандысыз түрдө, талкалагыч мүнөзгө ээ болот. Ишкердиктин субъекттеринин маалыматтарына ылайык, кылмыштык куугунтуктун натыйжасында алардын бизнеси толук же бөлүгү менен талкаланат, жыйынтыгында ишкердиктин субъекттери өзүнүн ишин токтотушат, ал эми катардагы кызматкерлер ишин жоготушат.

Жеке адамдар тарабынан ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттеринин башка фактылары боюнча ушуга окшош абал байкалууда.

Мындай 670тен ашык кылмыштар 200 миллион сомдон ашык суммадагы зыян менен катталган.

Бул кылмыштардын бөлүгү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана башка криминалдык субъекттер тарабынан жасалган, алар коркутуу, шантаж жана ачык зомбулук көрсөтүү менен ишкерлерден «ай сайын төлөмдөрдү» талап кылышат.

Бул жерде дагы ушул кылмыштардын жабык мүнөзүн айтуу керек, анда криминалитет тарабынан коркутууга туш болгон ишкерлер унчукпоого мажбур болушат, ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылуудан коркушат, анткени аларга ишенишпейт.

Мен тараптан белгиленген кылмыштардын жашыруун мүнөзүн эске алып, бир тараптуу корутунду жасоого болот, анда реалдуу көрсөткүчтөр расмий статистиканы бир нече ондогон эсеге жогорулатышы мүмкүн.

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын толук кандуу мыйзамдуу коргоонун жоктугунун натыйжасында, алар бардыгына жана ар бир келген адамга мыйзамсыз төлөөгө мажбур болууда.

«Калкалап» тургандыгы жана бизнес менен эч коркуусуз иш жүргүзүү үчүн коррупцияланышкан чиновникке жана криминалитетке акы төлөөгө мажбур болушат.

Бул жол берилгис фактылар деп эсептейм, мен ага укук коргоо органдарынын бардык жетекчилеринин көңүлүн бурам.

Салык жана бажы мыйзамдарындагы айрым кемчиликтер дагы ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана укуктарына зыян келтирип жатат.

Мен белгилеп өткөн терс көрүнүштөрдүн кесепетинен бизнес банкрот болуп же рентабелдүү болбой жатат.

Бардык мыйзамдарды сактоо жана мамлекеттин бюджетине бардык салыктарды төлөө экономикалык жактан пайдасыз болуп калууда.

Кандайдыр бир пайда табуу үчүн бизнес көмүскөгө кетип, жарым легалдуу иштөөгө мажбур болууда.

Тартылган инвестициялардын мамлекет тарабынан корголбогонун көрүп, инвесторлор өздөрүнүн финансыларын жана ишинин ийгиликтүүлүгүн тобокелге салгысы келбейт.

Бүгүнкү күндөн тартып мамлекеттик, өзгөчө көзөмөл жана укук коргоо органдардын бардык жетекчилери ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын бузууда көрсөтүлгөн аракетсиздиги үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Ишкерлер жана инвесторлор мамлекет алар тарапта экендигин жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналарын  реалдуу көрүп, сезиши керек.

Капиталды, инвестицияларды жана жеке менчикти коргоону жана анын эркин болушун камсыз кылуу өтө маанилүү.

Өзүмдүн Россияга, Түркияга, Англияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө болгон иш сапарымдын жүрүшүндө мен бизнестин жана өнүктүрүү боюнча эл аралык банктардын өкүлдөрү менен жолуктум. Мен мамлекет инвестицияларды мыйзамдуу деңгээлде камсыз кыларына кепилдик бердим.

Ошондуктан, биз экономиканын бардык чөйрөлөрүн криминалитеттин талкалоочу таасиринен, анда туура эмес, көмүскө схемалардын болушунан акырындап жана тынымсыз тазалап турушубуз керек.

Укук коргоо органдарынын ак ниетсиз жана коррупцияланган кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен биздин өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамга, адилеттүүлүккө жана экономикалык өз ара мамилелердин эркиндигине ишенимин бузууда.

Муну мамлекеттик органдардын экономикалык диверсиясы жана саботажы катары бааласа болот.

Мурда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктарга финансы полициясы ээ болгон.

5-мартта финансы полициясы жоюлган, анткени ал өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды аткара алган жок.

Тескерисинче, талкалады. Алар жоюулар замат казынага 5 млрд сомго чейин салыктык көлөмдөр көбөйө баштаган.

Чек арада посттон өтчү жерлерге салык инспекциясынын кызматкерлери барып үлүшкө отуруп алышкан. Өздөрү контролдоп алышкан. Миң сом төлөйөчү жерге жүз сом төлөтүп коюп турган. Финполицияны жойгондон кийин казынага түшкөн акча  дароо 5 млрд сомго көбөйгөн.

Алар бизнестин укуктарын коргой турган ишенимдүү өнөктөш болуунун ордуна, ал кызмат бизнести жана инвесторлорду «коркуткан» жазалоочу органга айланган. Мына ошондуктан жоюлган.

Бизнеске болгон мындай мамиле эч бири четте калбастан, бардык мамлекеттик органдар тарабынан өзгөртүлүүгө тийиш.

Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвестицияларды толук жана кепилдик берилген мамлекеттик коргоо, бюрократтык тоскоолдуктарды жоюу, ишкерлердин жасалган майда мыйзам бузууларынын артынан түшүп алуудан алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого өтүү керек. Ошондо гана алар бизге экономиканы өнүктүрүүгө жана ири, анын ичинде улуттук мааниге ээ болгон долбоорлорго көбүрөөк инвестицияларды тартууга жардам берет деп эсептейм.

Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери бир нерсени түшүнүшү керек, биз инвесторго керек эмеспиз, инвестор бизге керек. Дүйнөдө инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөө шарттарында, жаңы инвестицияларды тартуу үчүн өлкөлөр ортосунда атаандаштык абдан курчуп жатат.

Биздин өлкөдөн кетүү инвестор үчүн жоготуу эмес, ал өзүнүн ишканасын жайылтуучу аймакты гана алмаштыруусу болуп калат.

Көзөмөл, укук коргоо жана контролдоочу органдар дал ушул ишкерлер бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун негизги булагы болуп саналарын, андан алардын эмгек акысы, алардын ата-энелеринин пенсиялары жана алардын балдары үчүн социалдык жөлөкпулдар түзүлө турганын түшүнүүгө тийиш.

Мурдагы бардыгына жол берилген учурдун өткөндүгүн мен ачык айтамын.

Азыр ким болбосун ишкерлерге жана инвесторлорго кысым көрсөтсө, ал кимдин тууганы, ага-иниси же куда-сөөгү болбосун, мыйзамдын бардык катуулугу боюнча жазаланат.

Анын кайсы кызматты ээлегенине же кандай форма кийип, кандай погон тагынганына карабайбыз.

Мамлекеттик органдар тарабынан бизнес-коомчулукка мамилени түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн биз бардык зарыл болгон чараларды көрөбүз.

Бул силердин дайыма курсак тойгузуп турган бекер жайытыңар эмес.

Мен тараптан мурда чыккан жарлыктарга кошумча катары «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган, бул бизнести коргоо жолундагы биринчи кадамдардын бири гана.

Бул иш дайыма улантылып турат.

Көзөмөл жана укук коргоо органдары эч кандай бир шылтоо менен бизнестин мыйзамдуу ишине кийлигишпеши керек деп эсептейм.

Биз мындай фактыларга апелляциясыз жана катуу бөгөт коебуз.

Бизнеске кысым көрсөтүүнүн, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүнүн же ойлоп табылган негиздер жана фиктивдүү арыздар боюнча текшерүү жүргүзүүнүн ар бир фактысындагы мындай аракеттерге юридикалык баа берүү менен укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө карата катуу текшерүү жүргүзүү зарыл.

Айрыкча прокуратура кызматкерлерине таандык. Урматтуу Курманкул Токторалиевич, бул бизнес чөйрөсүнө гана тиешелүү эмес, мамлекеттик мекемелерге дагы тиешелүү. Мен бир фактыларды билемин. Айыл өкмөттөрүн райондун, облустун прокуратуралары барып, негизсиз текшерип, алчусун алып, кайра кетип калган учурлар болгон. Текшергендиги үчүн же справка жазып бербейт, бухгалтерлерди жалдап алып барып текшерип кеткен учурлар болгон. Эгерде ушундай фактылар кайталана турган болсо, мына менин облустагы өкүлдөрүм отурасыңар, акимдерге, айыл өкмөттөргө айрыкча, айтып койгула, эч коркпостон кайрылсын. Негизсиз  коркутуп-үркүтүп, текшерүү болсо кайрылышсын. Биз катуу чараларды көрөбүз. «Бирге жаза — миңге сабак болот!»

Мындай кызматкерлер кылмыш жана тартип гана эмес материалдык да жоопкерчилик тартууга тийиш деп эсептейм.

Ак ниетсиз кызматкерлердин аракеттеринин натыйжасында экономикага же ишкерлерге зыян келтирилсе, ага жол берген кызматкерлер ошол келтирилген зыянды төлөп берсин.

Бул нерсе укук коргоо органдарын жакшылап ойлонууга жана ойлоп табылган себептер менен бизнести негизсиз «талкалоо» идеясынан баш тартууга мажбур кылат.

Ишкерлерге жана инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн убагы келди деп эсептейм.

Алар менен төмөнкү принциптердин негизинде конструктивдүү диалог түзүү зарыл:

— тыгыз, ачык өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк;

— алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

Ошондой эле аларды криминалитеттин жана кимдер гана тарабынан болбосун, кандай болбосун мыйзамсыз аракеттердин таасиринен чектөө керек.

Жарандык талаштар жазык эмес, Граждандык кодексте каралган гана ченемдер боюнча чечилүүгө тийиш.

Пара алган же өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен башкалардын жеке кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн кайсы болбосун кызматкер жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Эгерде ал мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аракеттеринде байкалса, анда алар ээлеген кызматтарынан токтоосуз бошотулбастан, кылмыш жолу менен табылган мүлкүн конфискациялоо, бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигин тартат.

Эгерде кимдир бирөө өзүн аябай акылдуумун деп ойлосо жана мыйзамсыз тапкан мүлкүн жалган жана бириккен (аффилирленген) адамдарга каттоо менен аны жашырууга аракет кылса, андай кылууга мүмкүн эмес деп ишенимдүү айта алам.

Мыйзамсыз мүлктү, эгер ал чет мамлекетте же офшордук аймактарда болсо дагы, аны аныктоо өзгөчө күчтү талап кылбай турганына бардыгыңар күбө болдуңуздар.

Азыр бул багытта тиешелүү органдар иштеп жатышат жана бул ишти күнү-түнү улантышат.

УКМКнын жетекчилигинин ыкчам аракеттеринен улам, дээрлик ар бир күнү өтө жогорку рангдагы чиновниктерге карата жаңы сотко чейинки өндүрүштөр катталууда.

Бардык мамлекеттик түзүмдөрдө, анын ичинде коррупция системалуу негизге коюлган органдарда коррупциялык схемалар аныкталып жана аларга бөгөт коюлуп жатат.

Сиздер финансы полициясынын, улуттук коопсуздук органдарынын, ИИМдин мурдагы жетекчилеринин, райондордун прокурорлорунун, соттордун жана көптөгөн башка чиновниктердин калмалганына күбө болдуңуздар.

Мамлекеттик органдарда жана Айыл чарба министрлиги, Чек ара кызматы, Жер ресурстары агенттиги, Автомобиль жана салмак тыш өлчөм контролу, «Манас» аэропорту жана көптөгөн башка мамлекеттик ишканаларда туруктуу коррупциялык схемалар аныкталган жана ага бөгөт коюлган.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын мурдагы Өкмөтүнүн жана Президентинин Аппаратынын айрым жетекчилери, анын ичинде Президенттин азыркы Администрациясынын жогорку кызматтагы кызматкерлери кармалган.

Бул бекем орногон ченем болуп калууга тийиш.

Жылдап жана ондогон жылдар бою уурдаган, бизнести «кыскан» жана контрабандисттерди «калкалаганы» үчүн пара алышкан коррупционерлер кылган ишине жараша жазасын алышат, ал эми алардын мыйзамсыз тапкан байлыктары мамлекеттин бюджетине кайтарып берилет.

Эч кимдин мамлекеттин бюджетине кол салууга жана жазасыз уурдоого укугу жок.

Эч кимдин негизсиз, ойлоп тапкан себептер же өзүнүн жеке чечими менен бизнести куугунтукка алууга укугу жок.

Кайталаймын, биз ишкерлерге жана инвесторлорго максималдуу жардам көрсөтүүгө милдеттүүбүз.

Биз экономикадагы кырдаалды турукташтырууга багытталган ыкчам жана радикалдуу чараларды көрүүгө жана аны өнүктүрүү үчүн кошумча импульс берүүгө милдеттүүбүз.

Ал үчүн тиешелүү инфраструктураны жана транспорттук логистиканы түзүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана бизнес жүргүзүү үчүн башка шарттарды түзүү зарыл.

Мамлекеттик органдар ишин жаңы баштаган ишкерлерге жана стартаптарга максималдуу жардам көрсөтүүсү жана аларды колдоосу керек.

Жаш, таланттуу жана креативдүү менеджерлер жана адистер биздин өлкөнүн келечеги, дал ошолор санарип технологияларын гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй экономикасын өнүктүрүү үчүн жогорку технологиялуу ыкмаларды колдонууга киргизүүлөрү тийиш.

Бул бизге экономиканы өнүктүрүүгө жардам берет, жаңы келечектүү эл аралык рынокторго чыгууга, аны өздөштүрүүгө жана өз позициябызды бекемдөөгө жардам берет.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын мисал катары айтып кете алам, ал 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик жарым миллиард сом киреше алган.

Бул болсо, биздин бизнесмендерди жана инвесторлорду күн сайын текшерүү менен артынан сая түшүүнүн ордуна, алардын өнүгүүсү жана тынч иштөөсү үчүн элементардык мүмкүнчүлүктөрдү берүү керектигин күбөлөндүрүп турат.

Ошондуктан мамлекеттик органдар ишкерлерге карата текшерүүлөрдүн санын максималдуу кыскартууга тийиш.

Салык органдары бул бөлүктө эл аралык мыкты практиканы кылдат иликтөөсү жана аларды биздин системага жигердүү колдонууга киргизүүсү зарыл.

Мен ага мисал келтирип кете алам, Россиянын Салык кызматы салыктык администрациялоонун алдынкы практикасын колдонууга киргизип, салык жол-жоболорун фискалдаштырууну аягына чыгарып, жүргүзүлүүчү салыктык текшерүүлөрдүн санын бир нече эсе төмөндөтө алышты.

Эгерде 2010-жылы алар жыл сайын 70 миңге жакын салыктык чыгып текшерүүлөрдү жүргүзсө, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын саны 5 миңге чейин кыскарган, башкача айтканда алар салыктык текшерүүнү 93%га кыскартууга жетишкен.

Ошону менен мамлекеттик бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн үлүшү көп эсе көбөйгөн.

Анткени автоматташтырылган система менен макулдашуу пайдасыз экендигине жана эртели кеч алардын махинациялары ачыкка чыгарына ишкерлердин өздөрү ишенди.

Ушул оң натыйжалуу тажрыйбаны алууну жана салыктык, бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча өтө натыйжалуу механизмдерди активдүү колдонууга киргизүү зарыл деп эсептейм.

Салык салуу системасы жана бажы жол-жоболору ири оюнчулардан баштап, майда коммерсанттарга чейин максималдуу жөнөкөй жана бардыгына түшүнүктүү болууга тийиш.

Капиталга жарыяланган амнистия өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болот деп эсептейм.

Канчалык көп финансылык каражаттарды жана капиталдарды көмүскөдөн чыгаруу, аларды легалдаштыруу жана кошумча инвестициялар катары экономиканын өнүгүүсүнө жумшоо экономикалык амнистиянын башкы максаты.

Ошону менен бирге мамлекет өздөрүнүн капиталын легалдаштырган бизнесмендерге кийин бул капиталдын келип чыгышы жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан аларга суроолор болбой турганына  кепилдик берет.

Бул боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берилген. Администрация менен биргеликте мыйзам иштелип чыгып атат. Жакын арада алып чыгабыз. Чет өлкөдө катып жаткан акчаларын алып келүү, мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алып, жаңы жылда бардык бизнесмендерди жана куруучулардын баарын чогултабыз жана бул боюнча иш алып барабыз.

Ошондой эле аларга кылмыш же башка жоопкерчиликке иммунитетке кепилдик берилет.

Ошол эле учурда кыймылсыз мүлктү сатып алуу, ресурстук базаны жана негизги жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү менен капиталды легалдаштыруу жана ата мекендик экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы өзүнүн бизнесин кеңейтүүгө гана мүмкүнчүлүк бербестен, бүтүндөй өлкөнүн экономикасына жардам бере турганын коммерсанттар түшүнүүсү керек.

Өнүккөн жана өркүндөгөн экономика өз кезегинде аларга андан да көп пайданы легалдуу жана ак ниеттүү  алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мен ата мекендик ишкерлерди өз активдерин ар кандай оффшордук аймактардан чыгарууга жана аларды биздин мекенибизге кайтарып келүүгө чакырат элем.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кыска мөөнөттө оффшордук аймактардан кайтарылган жана көмүскө экономикада мурда жашырылган капиталдарды коргоого багытталган тиешелүү кошумча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл.

Бирок ушуну менен гана токтоп калууга болбойт, дүйнөлүк тажрыйбаны кылдат иликтеп көрүп, инвестицияларды жана ишкерлердин укуктарын коргоонун мамлекеттик кепилдиктерин күчтөндүрүүгө багытталган кошумча сунуштарды даярдоо зарыл.

Анын ичинде кыска мөөнөттөрдө ишкердиктин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соттук талаштарды карап чыгуу бөлүгүндө биздин сот системасынын ишин жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуусу жана киргизүүсү керек.

Чечимдерди кабыл алууда сот органдары кимдир бирөөнүн таасиринен дээрлик көз карандысыз болуусу жана мыйзам тамгасына гана негизденген чечимдерди чыгаруусу абдан маанилүү.

Ишкерлер мамлекеттик органдардын кандай болбосун чечимдерин же коммерциялык талаштарды биздин өлкөнүн сот органдарында талашып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, чет өлкөлүк инстанцияларга кайрылбастан, сот органдарына алар 100 пайыз ишеним көрсөткүдөй болуш керек.

Ошону менен биз өзүбүздүн мыйзамдарыбыздын алкагында, биздин юрисдикциябыз астында арбитраждык талаштарды чечүү боюнча ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Экономика оюнча статистикалык маалыматтарды ачып берүү менен мен мамлекеттин жана анын экономикалык жыргалчылыгын өнүктүрүү деңгээлинен мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу чөйрөлөрү дагы көз каранды экендигин белгилеп кетсем.

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда.

Биздин мыйзамдарга ылайык, тамак-аштын өздүк өндүрүштөгү базалык продуктулар менен биз өзүбүздү эң аз дегенде 80%га камсыз кыла алсак, азык-түлүк коопсуздугунун оптималдуу деңгээли келип чыгат.

Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар бул продукттарга калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.

Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат.

Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продукттар менен болгон 40%га, ал эми өсүмдүк майы менен 24%га гана камсыз кыла алабыз.

Агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруунун натыйжасында биз калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу бөлүгүндө биздин өлкөнүн импортко көз каранды болуу абалына туш болдук.

Суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык айыл чарба өндүрүүчүсүнүн алуучу түшүмүнүн көлөмүнө терс таасир тийгизүүдө.

Суунун жетишсиздик көйгөйүнүн натыйжасында биздин жарандар миллиондогон сом менен эсептелген зыян тартууда, үстүбүздөгү жылдын жай айында болуп өткөндөй, адамдардын аянтка митингге чыгышын күтүп отурбастан, бул маселени өз учурунда чечүүгө болот эле» — деди.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>