Жапония Олимп оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

Жапония Олимп оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

Жапония Олимп оюндары үчүн COVID-19га каршы жарым миллиард вакцина сатып алууга ниеттенип жатат. Бул өлкө жашоочуларынын ар бирине төрттөн даана вакцина туура келет дегенди билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө 2021-жылга карата 126 миллион калкы үчүн беш түрдүү өндүрүүчүдөн 521 миллион даана вакцина сатып алууну караштырууда.

Ден соолугуна байланыштуу жакында кызматтан кете тургандыгы айтылып жаткан премьер-министр Синдзо Абэ оюндарды өткөрүп, 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда. Жапон аткаминерлеринин пикиринде, туризм — пандемия маалында 30% төмөндөгөн ички дүң өнүмдү жогорулатып, экономиканын өсүүсүнө түрткү болот.

Пандемия шартында Олимп оюндарын өткөрүү бир катар логистикалык көйгөйлөрдү жарата тургандыгы айтылууда. Анткени дүйнө жүзүнөн келген миңдеген спортчулар машыгып жана иш-чараларга барып турушу керек. Мындан тышкары күйөрмандар да коопсуз жерлерге жайгаштырылышы зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>