Жапыкеев Финполдо жыйын өткөрдү. Төрага эмнелерди айтты?

Жапыкеев Финполдо жыйын өткөрдү. Төрага эмнелерди айтты?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын борбордук кеңсесинде төрага Сыймык Жапыкеевдин жетекчилиги астында жыйын өттү. Ага аталган кызматтын ыкчам-иликтөө кызматкерлери катышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын төрагасы республиканын бардык аймактык бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин чыңдоо, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ишти жогорулатуу тапшырмасын берди. Ошондой эле коррупцияга каршы коомдук ишти жана калк менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген жогорку кызмат адамдарына жана мыйзамсыз иштеген ишкерлерге каршы ишти натыйжалуу жүргүзүү керек. Бирок бир тыйындык зыян келтирген майда иштерди кармап, аларды иштин жыйынтыгы деп айтуу туура эмес», — деди Жапыкеев.

Финпол учурда бир катар резонанстуу кылмыш иштери тергелип жаткандыгын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>