Жасалма iPhone үчүн кыздык белгисинен айрылган студент кыз полицияга кайрылды

Жасалма iPhone үчүн кыздык белгисинен айрылган студент кыз полицияга кайрылды

Кыздык белгисин сатыкка койгон Орусиянын Москва мамлекеттик университетинин экинчи курсунун студентти алданып калганын айтып полицияга кайрылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, жабырлануучу акысыз жарнамаларды жарыялоочу сайтка 2 миң долларга кыздык белгисин сатыкка койгон. Кардар катары 37 жаштагы киши табылып, алар сатуу-сатып алуу келишимин дароо түзгөн эмес.

Бир айдан кийин окуя орун алып, кардардын ага берүү үчүн 2 миң доллары жок болуп чыккан. Ал кызга акчанын ордуна iPhone 12PRO берген жана аны белек катары коробкага ороп тартуулаган.

Жабырлануучу үйүнө барып коробканы ачканда эки симкарталуу Android базасындагы телефон болуп чыккан. Мындан улам, жасалма iPhone алган кыз полиция кызматкерлерине кайрылып, тийиштүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>