Жээнбеков: Бардык облуска заманбап оорукана салабыз

Жээнбеков: Бардык облуска заманбап оорукана салабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда. Бул алардын бирөөсү, мында жарандар алгачкы медициналык жардам жана консультация алуу үчүн кайрыла алышат.

Президент дарыгерлер менен баарлашууда стационарлар өз маалында ачылгандыгын айтып, эл медициналык кеп-кеңешке муктаж болгондуктан тынчсыздануу жаралганын белгилеп өткөн.

“Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат», — деген  Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дарыгерлерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

“Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишене”, — деп ыраазычылык менен белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков.
[su_image_carousel source=»media: 34261,34262,34263,34264,34265,34259″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>