Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун директору Широковду кабыл алды

Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун директору Широковду кабыл алды

Бүгүн, 23-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жээнбеков Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча кошумча макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди. 

Андрей Широков фонддун ишмердүүлүгүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ирригациялык тармактагы жана республиканын аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер башталганын маалымдады.

Мындан тышкары өлкөнүн региондорунда жолдорду куруу жана модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга кызыктар экенин билдиришти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>