Жээнбеков: Көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ

Жээнбеков: Көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Бишкектеги Улуттук филармонияда атайын  салтанаттуу иш-чара өтүп, анда президент кыргыз тили өлкөдөгү бардык улуттар үчүн орток тил боло электигин белгиледи.

[su_quote]Кыргыз тилине мамлекеттик статус берген мыйзамды кабыл алуу —  эгемендикке карай жасалган маанилүү кадам болгон. Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили, „коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи“ деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу үчүн аткара турган милдеттер арбын.[/su_quote]

Ошондой эле президент өзүбүздү кыргыз тилинин гана алкагы менен чектеп коюу — өлкөнүн өнүгүүсүнө залал келтирерин айтып өттү.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилгенине 30 жыл толду.

1989-жылы 23-сентябрь күнү Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттик тилдин макамын кошо бекиткен “Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзамды кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>