Жеңиш Молдокматов: Үй-бүлөмө кысым болуп жатат

Жеңиш Молдокматов: Үй-бүлөмө кысым болуп жатат

Биринчи Май райондук сотунда “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов көрсөтмө берип жатып, үй-булөсүнө коркунуч туулуп жатканын билдирди.

Ал, “сиздин аялыңыз менен балдарыңыздын телефонун тыңшап жатабыз деп ачык айтышты. 11 жаштагы кызымдын телефонун тыңшап жатат. Бул саясий кысым, кыйноо. Кыйноодон башка эмне деп атайбыз. Ошондуктан элге кайрылам, үй-бүлөм коопсуздугу коркунучта”- деди.

Молдокматов 2020-жылдын 4-5-октябрда болгон окуяларга байланыштуу айыпталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>