Жеңиш Молдокматовго дагы 2 кылмыш иши козголду

Жеңиш Молдокматовго дагы 2 кылмыш иши козголду

7-сентябрь күнү “ок атуучу куралды уурдоо же талап кылуу”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу же ыдык көргөзүү” боюнча беренелери боюнча иш козголду. Бул туурасында “Туран” саясий партиясынын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ал маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары абакта жаткан Жеңиш Молдокматов бул беренелерге макул эместигин билдирип, кагазга кол коюудан баш тарткан. Ал ага коюлган айыптар боюнча макул эместигин жана ал кылмыштарга катыштыгы жоктугун, өзүнө карата болуп көрбөгөндөй мыйзамсыздык, саясий көз караш, ачык пикири, бийликти сынга алгандыгы үчүн саясий куугунтук болуп жатканын баса белгилеген.

Буга чейин дагы “массалык баш аламандыктарды уюштуруу”, “бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Муну менен 4 берене тагылды.
Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, «октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган» деген кине коюлган. Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 19-августта №47 колонияга, кийин ден-соолугуна байланыштуу менчик клиникага которулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>