Жер алып берем деп 102 миң доллар алган адам кармалды

Жер алып берем деп 102 миң доллар алган адам кармалды

Бишкек шаарында жер алып берүүнү убадалап, жабырлануучудан ири өлчөмдө каражат алгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милициясына аял киши арыз менен кайрылып, 2019-жылдын август айынан 2021-жылдын март айына чейин 3 адам Рухий-Мурас конушунан 1 гектар жер тилкесин алып берем деп убада кылып 102 миң доллар акчасын алып, ошол бойдон из жашырып жүргөндөрүн жазган.

Бул факты 204-берене «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелгендердин бири 1978-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка шектүү башка жарандарды издөө жана тергөө иштери уланып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>