Жерде акыркы 5 жылдагы эң күчтүү магниттик бороон болду

Жерде акыркы 5 жылдагы эң күчтүү магниттик бороон болду

Жерди акыркы беш жылдагы эң күчтүү магниттик бороон каптады. Бул тууралуу Орусия Илимдер академиясынын Физика институтунун Күндүн рентген астрономиясы лабораториясынын окумуштуулары билдирди, деп жазды “РИА Новости”.

Бороон 4-ноябрда Москва убактысы боюнча саат 01:00 чамасында башталган.

Күн шамалынын ылдамдыгы секундасына 400дөн 800 метрге чейин, ал эми планеталар аралык плазманын тыгыздыгы дээрлик 100 эсеге өстү.

Бороон эки күн мурда болгон күндүн күчтүү жарылуусунан келип чыккан. Бирок, физиктер бороон мынчалык күчтүү болот деп күтүшкөн эмес. Алар дагы эле анын күчүнүн себептерин аныкташ керек.

Окумуштуулардын болжолунда бороон Москва убактысы боюнча саат 15:00дөн кеч эмес бүтүшү керек жана планетанын магнит талаасы дагы эки-үч күнгө туруксуз болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>