Жергиликтүү Кеңеш: 800 миңден ашуун адам добуш берди

Жергиликтүү Кеңеш: 800 миңден ашуун адам добуш берди

Саат 16:00гө карата 900 миңге чукул адам добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү шайлоодо өлкө боюнча саат 16:00гө карата 3 млн 318 миң 130 шайлоочулардын 25,81 пайызы, тактап айтканда 856 миң 404 шайлоочу добуш берген.

Ал эми референдумга добуш берүү үчүн катталган 3 млн 606 миң 201 шайлоочунун 24,63 пайызы добуш берди. Бул 888 миң 331 шайлоочунун добушу.

Ошондой эле Бекматов белгилегендей референдум өттү деп табылышы үчүн жалпы шайлоочулардын кеминде 30 пайызы добуш берүүсү керек. Анын ичинен каршы же макул болгондордун санына жараша аягында жыйынтык чыгарылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>