Солтон-Сары: жергиликтүү тургундар маселе чечилмейин кетпей турганын билдиришүүдө

Солтон-Сары: жергиликтүү тургундар маселе чечилмейин кетпей турганын билдиришүүдө

Кечээ, 5-августта Нарындагы Солтон-Сарыда кайрадан чыр чыкты. Учурда аталган жерде жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар компаниянын кызматкерлери кенди иштетпей чыгып кетүүсүн талап кылышууда. Бүгүн, 6-августта вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен сүйлөшүү үчүн барат. Ал эми жергиликтүү бийлик кен чыккан жерден кете элек.

Эл маселе чечилмейинче тынчтык митингин өткөрө беришерин кошумчалашууда.

Рубрики: ВИДЕО , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>