Жерүй бир айда өлкө бюджетин 140 млн сомго толуктады

 Жерүй бир айда өлкө бюджетин 140 млн сомго толуктады

Жерүй алтын кенинде өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын бюджетине төлөмдөрдүн үч негизги түрү боюнча 140 миллион сомдон ашуун каражат түштү. Бул тууралуу «Альянс-Алтын» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Компания киреше салыгы үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп, гонорар төлөп, инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат которгон.

Анын ичинен:

85,4 миллион сом — 2021-жылдын апрель айына киреше салыгын төлөө;
39,4 млн сом — алтынды сатуудан түшкөн гонорар үчүн төлөм;
15,7 миллион сом — жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө чегерүүлөр.

Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн салымдар кирешенин 2% түздү. Мыйзамдарга ылайык, бул каражаттар үч фонддун ортосунда бөлүштүрүлөт: 50% облусту өнүктүрүү фондуна, 30% — районду өнүктүрүү фондуна, 20% — кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке.

Жерүй кенинен келип түшкөн бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик иш алып барат.

Жерүйдөн жергиликтүү бюджетке түшкөн биринчи каражат Талас облусунун өткөн жылдагы орточо айлык кирешесинен 2,5 эсе көп экендиги маалым болду. 2020-жылы облустук бюджетке жалпысынан 630 миллион сом, же орто эсеп менен айына 53 миллион сом түшкөн.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин «Альянс-Алтындан» бюджетке келип түшкөн каражаттардын жана социалдык чегерүүлөрдүн жалпы суммасы 923 млн сом болгон.

Ошондой эле, 600 миллион сом өзүнчө Талас облусундагы социалдык долбоорлорду каржылаган жана чакан жана орто бизнес үчүн төмөн пайыздык үстөк менен насыяларды берген «Бакубат Талас» фондуна которулган.

Жалпысынан Жерүй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын төрт миллиард сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>