Жерүйдө метеорологиялык параметрлерди каттоо башталды

Жерүйдө метеорологиялык параметрлерди каттоо башталды

Апрель айынан бери айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө программасы метеорологиялык параметрлерди каттоо менен толукталды. Бул максаттар үчүн абанын температурасын, абанын салыштырмалуу нымдуулугун, жаан-чачындын көлөмүн, интенсивдүүлүгүн, аба агымынын ылдамдыгын жана багытын, атмосфералык басымды, күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн каттаган автоматташтырылган метеорологиялык станция тартылган.

Бул биз иштеп жаткан экстремалдык климаттык шарттарда коопсуз жана натыйжалуу иштөө үчүн онлайн режиминде метеорологиялык мүнөздөмөлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык мониторинг төмөнкү максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:

• ишкананын иши кыргызстандык жана эл аралык стандарттарга жана көрсөтмөлөргө жооп бериши керек;
• пландаштырылган чаралардын шайкештигин жана алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу;
• көзөмөлдөөчү органдарга, коомдук жана каржы уюмдарына берүү үчүн объективдүү жана актуалдуу маалыматтарды алууну уюштурат;
• айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө үчүн объективдүү маалымат алуу;
• экологиялык төлөмдөрдү эсептөө үчүн маалыматтарды алуу.
Курчап турган чөйрөнүн мониторингин ушул жумуштардын түрлөрү үчүн аккредитацияланган жана курулуш иштери башталган мезгилден бери уланып келаткан «Чүй Экологиялык Лабораториясы» ЖЧКсы сертификацияланган компаниясы жүргүзөт.

Экологиялык мониторингдин планы төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн аныктамасын камтыйт:

• булгануу булактарына мониторинг жүргүзүү;
• гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрү;
• жер үстүндөгү суулардын сапаты;
• атмосфералык абанын сапаты;
• лицензиялык зонада жана кенге чектеш аймактарда радиациялык фон

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>