Жети облуста жаңы ооруканалар ишке кирет

Жети облуста жаңы ооруканалар ишке кирет

Жети облуста жаңы ооруканалар ишке кирет. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Жаңы ооруканаларды салуу иштери башталды, алар аймактарда имараттардын багыттары өзгөртүлүп, саламаттыкты сактоо мекемелерине ылайыкташтырыла баштады. Бул иштерге болгон күч-аракеттер жумшалат. 2020-жылдын такталган бюджетинде буларды оңдоп-түздөө үчүн 14 млн сом каражат каралган”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ооруканалардын жайгашкан жерлери тууралуу маалымат:

1) Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен салынат.

2) Ош шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. 25-июлда анын пайдубалы түптөлдү. Бул оорукана дагы Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен салынат. Аталган медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот. Ош мэриясынан билдиришкендей, жаңы оорукана сентябрь айында пайдаланууга берилүүгө тийиш.

3) Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын оңдоо иштери башталды. Конкреттүү тапшырмалар берилди.

4)  Сузак районунун Ленин айыл аймагында №36 адистештирилген лицейдин 5 кабаттуу имараты 304 орундуу ооруканага ылайыкташтырылып оңдолууда. Ага 11,4 млн сом жумшалды. Оңдоп-түзөө иштери сентябрь айында аяктайт.

5)  Баткен шаарында эски поликлиниканын имараты 90 койкалуу ооруканага ылайыкташтырылып, оңдолуп баштады.

6)  Чүй облусунда Дмитриевка айылында жатак мектептин имараты 100 орундуу ооруканага даярдалат.

7)  Нарында 120 орундуу оорукана үчүн Куралдуу күчтөргө таандык №93 546 аскердик бөлүктүн имараты даярдалып жатат.

8) Талас райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты 192 койкага ылайыкталган ооруканага айланат.

9)  Каракол шаарында облустук оорукананын башкы имараты 150 койкалуу ооруканага ылайыкташтырылып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>