Жетим балдар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары “Барчын” жайкы эс алуу лагеринде болду

Жетим балдар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары “Барчын” жайкы эс алуу лагеринде болду

Ушул жайда жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Талас шаарындагы “Барчын” жайкы эс алуу лагеринде болду. Бул тууралуу “Бакубат Талас” фондунан кабарлашты.

Мектепте өздөрүн үлгүлүү алып жүргөндүгү үчүн тандалып алынган 244 баланын эс-алуусуна жумшалган баардык чыгымды жана жол акыларын «Альянс Алтын» компаниясы негиздеген “Бакубат Талас” фонду төлөп берген. Балдардын эс алуусуна баардыгы болуп 940 миң сом жумшалган.

Ошону менен бирге 20-августта  жайкы лагерде «Альянс Алтын» компаниясынын негизделген күнү белгиленди. Балдар конокторго концерттик программа тартуулашты. Бул саамалыкка жалпы 140 миң сом сарпталган. Балдардын аракети үчүн аларга оюунчуктар, балмуздак, таттуу жана суусундуктар берилди.

Белгилей кетүү керек, “Бакубат Талас”фонду балдар лагерин жаңылоо жумуштарын 3 жылдан бери жүргүзүп келет. Адегенде “Барчын” лагеринин имаратынын чатыры алмаштырылган. Андан соң мебелдер жана ашкана столдору жаңыртылган. Буга жалпысынан 3 миллион сом жумшалган.  Экични этапта эски бассейинди кайрадан куруу пландалууда. Күздө фонддун байкоочу кеңеши пландалган жумуштарга акча бөлүү маселесин карап чыгып, чечим чыгарат. Үчүнчү этап менен лагердин жуунучу жайы жана дааратканасы жаңыланмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>